Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 20.02.2018 17:42

Баткенде «Форд Транзит» кырсыкка кабылып, оодарылып кетти

Turmush -  Баткен шаарында «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, оодарылып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсык саат 17:00 чамасында Кызыл-Жол кварталында болгон. Геревшин айылынан келе жаткан унаанын ичинде 2 адам болгон. Айдоочу техникалык мүчүлүштүктөн улам башкарууну жоготкондугун айтууда. Жанындагы жүргүнчү шок абалда. Кырсык болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×