Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 19.02.2018 17:49

Баткен облусунда медициналык тез жардам кызматынын 7 унаасы жараксыз абалда

Turmush -  Баткен облусунда медициналык тез жардам кызматынын 7 унаасы жараксыз абалда турат. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Баткен облусундагы тез жардам кызматында 48 бригада иштеп жатат. Тез жардамдын 39 унаасы бар. Анын ичинен жетөө жараксыз болсо, 28 унаа элди тейлеп келет.

Медициналык тез жардам кызматына 2017-жылы Баткен облусу боюнча 75 миң 521 чакырууга түшсө, 2016-жылы 78 миң 972 чакыруу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×