Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 19.02.2018 16:13

Баткендеги аялдарга жүндү иштетүү боюнча семинар өттү

Turmush -  Баткен районунда жүндү кайра иштеткен айымдар үчүн практикалык семинар уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага район-шаардан 15ке жакын кол өнөрчү катышты. Анын алкагында кол өнөрчү Айжамал Авазова өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинардын катышуучусу Арзыкан Ормонованын айтымында, бүгүнкү күндө Баткенде жүндүн 1 кг 20 сомдон 50 сомго чейин сатылат. Жүндү колдонбой өрттөп же ыргытып таштагандар да бар. Аларды пайдасыз таштагандын ордуна кол өнөрчүлүккө пайдалануу зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×