Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Т.Айбашев 3 күндө 2 уй союп сатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Темир Айбашев 17 жылдан бери касапчылык кылып, үй-бүлөсүн багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3 күндө 15 миң сомдой киреше табат.

«17 жылдан бери мал союп, этин Баткен шаарындагы базарга алып чыгып сатам. Шаршемби, жума жана ишемби күндөрү гана иштейм. 3 күн аралыгында 2 уйду союп сата алам. Малды мал базардан салмагына жараша 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин алам. Аны мүчөлөп, эттин 1 килограммын 320 сомго чейин сатам. Терисин 1500 сомго сатсам, башын, шыйрактарын 1000 сомдон сатам. Жумасына 15 миң сомдой киреше табам», - деди ал.

Касапчы калган күндөрү да суроо-талаптарга жараша кафе-ресторандарга мал союп, дүң баада сатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 809
Көп окулду
×