Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 16.02.2018 17:25

Былтыр Баткенде сарык оорусу менен 166 адам катталган

Turmush -  Баткен облусунда 2017-жылы сарык оорусу менен 166 адам катталган. Бул тууралуу Баткен облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Каныгүл Жороева билдирди.

Анын айтымында, облуста 2016-жылы сарык менен 106 адам ооруган. Ошондой эле, былтыр ич өткөктөн жабыркаган 2343 адам катталган. Ич өткөк оорусу таза суунун жоктугу, күндүн ысыктыгы, санитардык гигиенаны жакшы сактабагандыктан күч алат.

Малдан адамга жугуучу бруцеллез оорусу дагы чоң маселе. Буга чейин баардык мал-жандыктар бруцеллез оорусуна каршы эмделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×