Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 16.02.2018 14:25

Өзбекстан Баткенге белек кылган тез жардам унаалар ооруканаларга тапшырылды

Turmush -  Өзбекстан Баткен облусуна белек кылган медициналык тез жардамдын 2 унаасы дарыгерлерге салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, «Дамаз» үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын облус жетекчилиги Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана Кадамжай районунун Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчилерине тапшырышты. Ак халатчандар медициналык унаалардын келиши менен элдин саламаттыгына кам көрүүдөгү шарттар бир топ жеңилдей тургандыгын билдиришти.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 15-февралда Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна медициналык тез жардамдын 2 унаасын белек кылгандыгы кабарланган. «Дамаз» үлгүсүндөгү унаалар Өзбекстандын «Вадил» чек ара өткөрмө бекети менен Кыргызстандын «Кадамжай» унаа көзөмөл-өткөрүү бекетинин жанында салтанаттуу тапшырылган. Тез жардам унааларынын бири Баткен шаарынын калкын тейлөө үчүн берилсе, экинчиси Кадамжай районунун Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер практикалык борборуна берилмек болгон.

Иш-чарага Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан. Жетекчилер бири-бирине улуттук кийимдерди белек кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×