Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 15.02.2018 12:02

Баткенде Ооганда согушунда курман болгондор эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 15-февралда Баткен шаарында Ооган жергесинен СССРдин аскерлеринин чыгарылгандыгынын 29 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага Баткен шаарынын мэри Мамыр Рахимов, Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жана Ооган согушунун катышуучулары катышты. Алгач согушта каза болгондорго арналып курулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.

Ооган согушунун Баткен шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Каныбек Абдибаитовдун айтымында, Ооган согушуна Баткен шаарынан жалпы 18 аскер кетип, экөө курман болгон. Быйылкы жылкы бул датага карата шаар мэриясынан Ооган согушунун катышуучуларына 40 миң сом акча берилип, сый тамактар уюштурулду. Бүгүнкү күндө Ооган согушунун катышуучулары ай сайын 6000 сомдон акча алып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×