Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баткен

Жаш талант: Баткендик окуучу Кымызай 20га жакын ырдын автору (видео)

Turmush -  Баткен шаарындагы 9-класстын окуучусу Кубанычбек кызы Кымызай ыр жазуу менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш акын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы мугалим, атасы ишкер. Учурда 20га жакын ырдын автору. Мындан 2 жыл мурда 5 жашка чейин өстүргөн чоң энесинен айрылганда «Сагындым» деген ырын жазган. Учурда «Өрүкзар» чыгармачылык борборунун мүчөсү. Анын калеминен жаралган «Бул дүйнөнүн жалганына ишенбейм», «Чоңойгондо ким болом», «Аялдама», «Жашоо кыры», «Апама», «Сүйүү күчү», «Көңүл сыныгы» ырлары бар.

Акын кыз үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул дүйнөнүн жалганына ишенбейм

Жек көрөмүн билбей сүйлөп алгандарды,
Бул жашоонун жыргалын тангандарды.
Ойлонбой бул жашоону жалган го деп,
Ал жашоонун күлү болуп калгандарды.

Жалганбы эмне бир туугандын жаралганы?
Же жалганбы апакеңдин амандыгы?
Ойлонбой бул жашоону жалган дебе,
Жалганбы эмне жеген тамак адалдыгы?

Жалган эмес чын бул жашоо билип алгын,
Чын болсо да сыноо жашоо туура баскын.
Өлбөстөн туруп гана тили күйсүн,
Жалган го деп күмөнсүрөп алгандардын.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2258
×