Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Баткендин шаардык кеңешиндеги депутат мандатын тапшырып, ордуна башка адам келди

Turmush -  Кечээ, 1-февралда Баткен шаардык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы өттү.

Отурумда шаардык кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат Давлятбек уулу Чыңгыз өз арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшыргандыгы белгилүү болду. Анын ордуна аталган партиянын кезектеги талапкери Жамантаева Басбүбү Абдываповна депутаттык мандат алды.

Ошондой эле, отурумда жайыт багытындагы айрым жер аянттарынын багытын өзгөртүү каралып, жыйынтыгында Чет-Булак кварталынын Күңгөй-1 аймагынан 51 гектар, Күңгөй-2 аймагынан 130 гектарга жакын жер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×