Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баткен

Былтыр Баткенде 350дөн ашык адам кургак учук жуктурган

Turmush -  2017-жылдын ичинде Баткен облусунун аймагында кургак учукка чалдыккан 369 адам катталган. Бул тууралуу Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жеңишбек Шарипов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 35 учурга көп. Алардын басымдуу бөлүгүн ишке жарамдуу жаштар түзөт. Кургак учук оорусунун өтүшүп кеткен түрү менен ооругандардын саны 50гө жетет. Жаш балдар арасында 22, өспүрүмдөр арасында 13 бейтап катталды. Былтыр бул оорунун кесепетинен 16 адам көз жумган.

Бүгүнкү күндө кургак учукту алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 965
Көп окулду
×