Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баткен

Баткендеги рейд учурунда 645 адам текшерилип, оор 3 кылмыштын бети ачылды

Turmush -  18-19-20-январь күндөрү Баткен облусунун аймагында «Профилактика» операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд облус аймагында кылмыштуулукка бөгөт коюу, ар кандай укук бузуулардын жана жол кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулду. Анын жүрүшүндө оор 3 кылмыштын бети ачылып, сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн 2 адам аныкталып, куралдары алынды.

Коомдук жайларда жана көчөдө ар кандай укук бузгандыгы үчүн 530 адамга административдик протоколдор түзүлүп, тийиштүү чара көрүлгөн. Алардын ичинен майда бейбаштык кылгандар – 2, жол кыймылынын эрежелерин бузгандар – 397 жана башка административдик укук бузгандар – 131.
Андан сырткары, ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүнө 32 адам жеткирилген. Жалпысынан милициянын атайын каттоосунда турган 645 адам текшерилди. Рейдге жалпысынан 306 милиционер жана 15 унаа тартылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1328
×