Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Баткенде депутаттар көйгөйлөрдү чечүүнү эл менен талкуулап жатат

Turmush -  Баткен шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары шаар эли менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, анда тургундардын көйгөйлөрү айтылып, аларды чечүү маселелери талкууланууда. Анын жүрүшүндө Баткен шаарынын Кызыл-Жол башкармалыгынын жашоочулары аймактын тарыхый аталышын кайра калыбына келтирүү боюнча шаар мэриясына кайрылуу жасашты. Кайрылууга 50дөн ашык тургундар кол коюшкан. Кызыл-Жол аймагынын тарыхый ысымы Тегирмен-Башы. Кийин Советтик доордогу колхоздоштуруу мезгилинде Кызыл-Жол деп алмаштырылып калган. Аймактын тарыхый аталышын кайра калыбына келтирүү маселесине шаар мэриясы, жергиликтүү кеңеш каршы эместиги, аймактын бардык жашоочулары макулдук берсе аталышын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу иш кагаздары толтурула тургандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле, шаардын жаңы конуштарына суунун жетпей жаткандыгы боюнча маселе каралат. Иликтөөнүн жыйынтыгы шаар мэриясынын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көзөмөлүнө алынат.

Мындай жолугушуулар 26-январга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 607
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×