Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Ж.Матмуратов үй-бүлөсү менен күнүнө 3 кап ундан нан жасап сатат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Жолдубай Матмуратов СССР тарагандан бери эле үй-бүлөсү менен нан жасап сатып тиричилик кылат. Аймактык кабарчы наабайчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, нан жапканды апасынан үйрөнгөн. Күнүнө 3-4 миң сом киреше табышат.

«Бул жумуш жайы-кышы үзгүлтүксүз жүрүп туруучу жумуш. Учурда аялым базарда нан сатат. Кенже балам Азамат, келиним Гүлбурак үчөөбүз бирибиз камыр жууруп, бирибиз от жагып, чогуу нан бышырабыз. Күн сайын 3 кап ундан нан жасалат. Бир каптан 200гө жакын нан чыгат. Кээде тойлорго, мааракелерге деп буйрутма берип жасатышат. Элдин талабына жараша 15 сомдон 25 сомго чейин бааланган нандар жасалат», - деди ал.

Наабайчы 3 уул, 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1315
Көп окулду
×