Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баткен

Баткен шаарынын эли борбордук мечиттин сыртын өздөрү оңдоп жатышат

Turmush -  Баткен шаарындагы Нуьмани атындагы борбордук мечиттин сыртын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү жергиликтүү жашоочулар, жеке ишкерлер колго алышты. Учурда оңдоо иштери улантылып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Шаардын имамы Абдурашид Юнусовдун айтымында, оңдоо иштерине жалпы 300 миң сомго жакын каражат сарпталат.

«Учурда мечиттин имаратынын сырты, жарык берүүчү жабдуулар толугу менен жаңыланып, сырткы көрүнүшүн акыркы үлгүдөгү талаптар менен оңдоп жатабыз. Сарпталуучу каражат жергиликтүү жашоочулар тарабынан камсыздалуда. Ага демөөрчү болгон жергиликтүү жашоочуларга ыраазычылык билдирем», - деди имам.

Баткен шаарындагы борбордук мечит

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1132
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×