Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 18.01.2018 14:25

Жаш талант: Баткендик 7 жаштагы Зарина оорусуна карабай, чет тилдерде эркин сүйлөшүүнү үйрөнүүдө (видео)

Turmush -  Баткен шаарынын 7 жаштагы тургуну Зарина Байтемирова шал оорусуна (ДЦП) карабай, «Нур» балдарды калыптандыруу борборунда билим алууда. Бул тууралуу борбордун тарбиячысы Сабринса Салиева билдирди.

Анын айтымында, Зарина учурда апасынын жардамы менен орус, англис, араб тилдерин үйрөнүп жатат. Араб тилинин тамгаларын жаттап, англис тилинде окуй баштаган. Орус тилинде сүйлөп, ыр айтканды жакшы көрөт. Азыр чет тилдеги ырларды жаттап айтып калды.

Зарина келечекте дарыгер болууну самайт. Анткени ал ооруган балдарды дарылоону кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×