Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баткен

Баткенде 2017-жылы 600гө жакын кылмыш иш тергелип, 500 кылмыштын бети ачылган

Turmush -  Баткен облусунда 2017-жыл ичинде 591 кылмыш иш тергелип, анын ичинен 503 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр оор жана өтө оор кылмыштардан 55 факты катталып, анын ичинен 49 кылмыштын бети ачылган. Адам өлтүрүү же адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактысы боюнча 8 кылмыш катталып, 7 фактынын бети ачылды. Тоноочулук фактысы боюнча 3 кылмыш иш тергелип, үчөөнүн тең бети ачылган.

2017-жыл ичинде жер-жерлердеги милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен ИИМдин Баткен шаарындагы атайын багыттагы полкунун кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн профилактикалык иштердин натыйжасында чек ара тилкелеринде мыйзам бузуучулук же эки элдин ортосунда чыр-чатактар чыккан эмес. Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Ашим Тагаев ар бир ачылбаган кылмыштарга кеңири токтолуп, жумушунан аксаган кызматкерлерге тартиптик чара жарыялады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1415
Көп окулду
×