Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Баткендеги СПИДге каршы күрөшүү борборунда дарыгерлер жетишсиз

Turmush -  Баткен облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунда дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Сайпидин Төрөев билдирди.

Анын айтымында, учурда мекемеде 16 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 4 адам жогорку билимдүү, 12 адам орто билимдүү кызматкер. Эпидемиолог, терапевт дарыгерлер жетишсиз.

«Эгерде дарыгерлер толук болсо борбордо каттоодо турган адамдарга өз убагыда толук кандуу жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Бүгүнкү күндө негизинен орто медициналык кызматкерлер иштеп жатат. Жогорку билимдүү медициналык кызматкерлерге муктажбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 671
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×