Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Тажикстандык кыргыз А.Тажиев балык жана татымалдарды сатып ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Тажикстандык 22 жаштагы Аманулла Тажиев Тажикстандын Сыр дарыясынан балык кармап келип Баткенде сатат. Аймактык кабарчы балыкчыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Сыр дарыядан балыктын 5 түрүн кармап келет. Баткенде чоң дарыя жок болгондуктан, балыктар жакшы өтөт. Тажикстандын Исфара шаарына жумасына 2-3 жолу барып келет. Ар бир барганда 50 кг чейин балык алып келет. Аларды 100 сомдон 250 сомго чейин сатат.

Өзүнүн улуту кыргыз болгондуктан кыргыз жана тажик тилдеринде эркин сүйлөйт.

«Бул иш менен 1 жылга жетпеген убакыттан бери менен алектенем. Кирешеси жакшы экенин байкадым. Анткени Баткен базарында же кафелеринде да балык этинен жасалган тамакты аз кездештиресиң. Себеби балык жок. Анан мен Сыр дарыядан балык алып келип сатууну туура көрдүм. Учурда балыктын 5 түрүн алып келем. Кылкандуу кылкансыздарын вобла, судак, сазан сыяктуу балыктарды сатам.

Мындан сырткары, Тажикстандан тамакты даамдуу кылуучу зире, кашмиш, сейдана, райхан, ашкөк, калемпир жана башка татымалдарды алып келип Баткен шаарындагы кафе-ресторандарга дүң баада өткөрөм. Күнүнө 2000 сомго чейин киреше табам», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2043
Көп окулду
×