Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткенде реабилитациялык борбордогу балдарга белектер таратылды

Turmush -  Баткен шаарындагы «Нур» реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектер тапшырылды. Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев балдарды куттуктап, борбордун абалы менен таанышып чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ата-энелердин айтымында, шаарда 167 бала майыптык боюнча каттоого алынган. Бирок бул борбор тар болгондуктан болгону 26 балага тарбия берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Буга байланыштуу борборду кеңейтүү маселеси көтөрүлүп келет.

Борбордун директору Арзыгүл Жолдошеванын айтымында, айрым ата-энелер балдары майып экенин жашырат. Андан улам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айрым балдар билим албай калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 946
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×