Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Президенттик балаты: Баткенден барган балдардын тизмеси кантип түзүлдү жана кимдер барды?

Turmush -  Бишкек шаарында кечээ, 28-декабрда уюштурулган президенттик балаты майрамына Баткен облусунан кеткендердин арасында облус жетекчилигинде иштегендердин балдары бар. Бул тууралуу балаты майрамына балдары барбай калган карапайым ата-энелер билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттик балатыга кеткен балдардын арасындагы Б.Ш. (3-класс) облус жетекчисинин орун басарынын баласы, Д.Э. (6-класс) социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адисинин небереси экендиги такталды. Аталган эки бала тең Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окушат.

Д.Э.нин (6-класс) таятасынын айтымында, небересинин ата-энеси ажырашып, апасы башкага турмушка чыккан. Небереси 10 жылга жакын убакыттан бери анын колунда тарбияланып жатат.

(Алижан Абдыкалыков)

Мектеп директору Гүлжамал Ысманованын айтымында, быйыл Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинен президенттик балаты майрамына мыкты окуган 2 окуучу жөнөтүлдү.

(Гүлжамал Ысманова)

Баткен облусунун жетекчилигинин социалдык өнүктүрүү жана мониторинг башкармалыгынын башчысы Сеитмурат Калыковдун айтымында, президенттик балатыга Баткен облусунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мыкты окуган окуучулар болуп жалпы 21 бала кеткен. Алар 27-декабрь күнү Ош шаарынан Бишкеке учуп кетишкен.

(Сеитмурат Калыков)

Ал эми, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Мээринса Айжигитованын айтымында, президенттик балатыга катышуу үчүн кезекте турган балдар да бар. Эреже боюнча президенттик балатыга бара турган балдарды тандоо Баткен облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу.

«Бизге өлкө башчысынын балаты майрамына карата атайын жобо жөнөтүшкөн. Буга чейин биз район-шаарлардагы жобого ылайыктуу балдарды тандап алышыбыз керек эле. Жобо боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен ажыраган балдар, олимпиадаларда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуунун алдыңкылары тандалышы керек. Бирок быйылкы жылы облустук администрация балдарды тандоо милдетин өздөрү алышкан. Биз болгону Билим берүү министрлигинен жобону алып, балдардын даяр тизмесин жөнөттүк. Тизмени облус жетекчилигинин социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмү тактаган», - деди ал.

Эки бала тең тизмеде жарым жетим жана мыкты окуган окуучулар катары катталган.

Бүгүн Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев президенттик балатыга катышкандардын арасында жетекчилердин балдары бар экендиги тууралуу маалымат боюнча комментарий берди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2752
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×