Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткенде Тажикстандан алынып келген 2 тонна азык-түлүк артка кайтарылды

Turmush -  Баткен району жана шаарына Тажикстандан алынып келинип сатылып жаткан 2 тоннага жакын азык-түлүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда базарларда жана дүкөндөрдө жаңы жыл майрамына карата элдин ден соолугуна зыян келтирүүчү, тез бузулуучу азык-түлүктөр текшерилип жатат. Натыйжада Тажикстандан алынып келген 2 тоннага жакын продукция кайра артка кайтарылды.

«Мисалы Тажикстандан чыккан колбасанын 1 кг 120-300 сомго чейин сатылууда. Эттин 1 кг учурда 300-350 болуп жатат. Кайра иштелип чыккан эт андан кымбат болушу керек», - деди Орозалиев.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 27-декабрда Баткен облустук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Тажикстандан алынып келип, көчөлөрдө сатылып жаткан тез бузулуучу азыктарды артка кайтаргандыгы белгилүү болгон.

Борбордун башкы дарыгеринин орун басары Дыйканали Жунусалиевдин айтымында, көчөлөрдө сатылып жаткан тез бузулуучу азыктардын (торт, пирог, салат, колбаса) кайдан чыккандыгы, сакталуучу мөөнөтү жазылган эмес.

«Баткен шаарында сатылып жаткан тез бузулуучу азыктардын көпчүлүгү Тажикстандан келет. Алардын 70 пайызында сертификаттар жок. Мындан улам Тажикстандан келген 200дөн ашуун тортту кайра кошуна өлкөгө кайтардык. Анткени торттордо жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн чаптама жок. Алар үстү ачык жерде сатылып жатат, бул санитардык талаптарга жооп бербейт», - деген ал.

Тажикстандык сатуучу торттор чек ара пунктунан башка жактардан алынып өтө тургандыгын айткан.

«Бизге ортомчулар Тажикстандан алып келип беришет. Биз сатабыз. Менде азыр 175 даана торт бар. Баары ушундай сертификаты жок. Ортомчулар муну чек ара постунан эмес, Миң-Өрүктөн алып өтүшөт», - деген ал.

Баткен облустук санитардык бөлүмүнүн башчысы Авазбек Балтабаев кепилдиги жок азыктарды алуу кооптуу экендигин билдирген.

«Эгерде биздин өзүбүздө цехтер болсо, эл минтип Тажикстандан келген кооптуу тамак-ашты алмак эмес. Биз азыр аткезчилик жол менен келген товарды талап боюнча көмүп салуубуз керек же ошол иштелип чыккан цехке кайра өткөрүшүбүз зарыл», - деген Балтабаев.

Ал эми, жергиликтүү тургундар Бишкек же Оштон келген товарлардын баасы кымбат болгондуктан, Тажикстандан келген тортторду алууга аргасыз болушат.

«Тажикстандан чыккан торттор арзан болот. Кызыл-Кыя, Оштон келгендер 800 сомдон дейт. Кооптуу болсо да арзан алганга аргасызбыз. Тажикстандык ишкерлерге дагы шарт түзүп берсе болот», - деген Баткен шаарынын тургуну Абдисаттар Мурзалиев.

Баткен районунда атайын торт, колбаса чыгаруучу цех жок болгондуктан элде талап күч. Мындан улам Тажикстандын Исфара районундагы өндүрүлгөн товарлар жеке ишкерлер тарабынан Баткен районуна айрым учурда аткезчилик жол менен алынып келинет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2683
Көп окулду
×