Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Жаш талант: Баткендик А.Сатарова бийчилик өнөрүн таптап жатат (видео)

Turmush -  Баткен шаарынын 10 жаштагы тургуну Алина Сатарова бийчилик өнөрүн таптап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бийди өз алдынча үйрөнүп жаткандыгын байкаган апасы аны Баткен шаарындагы «Ак-Билек» бийчилер тобуна кошкон. Учурда Алина В.Ленин атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт. Мектептеги иш-чараларда бий өнөрүн тартуулайт.

Апасы Мария Бердиванын айтымында, кызын келечекте балерина кылгысы келет. Алина учурда кыргыз бийин, аэробика, жана башка улуттардын бийлерин бийлей алат. Келечекте атактуу бийчилердин катарын толуктоону самайт.

Алина үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3034
Көп окулду
×