Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткендеги жаңы конуштарга 15ге жакын трансформатор коюу керек

Turmush -  Баткен району жана шаарындагы 15ге жакын жаңы конуштарга трансформатор коюу муктаждыгы бар. Бул тууралуу Баткен райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Каламбек Маркаев билдирди.

Анын айтымында, бир трансформатордун баасы 250 миң сомдон 400 миң сомго чейин турат. 1 км узундуктагы электр зымы 600 миң сомдон 1 млн сомго чейин бааланат. Быйыл Баткен шаардык мэриясы жаңы конуштардагы электр энергиясына болгон муктаждыктарды жоюу үчүн 2,5 млн сомго жакын акча бөлүп берди.

Ошондой эле, мэрия райондук электр тармактар кызматы менен биргеликте Баткен району жана шаарындагы жаңы конуштарга 9 трансформатор коюп, 6 км электр чубалгы тартылды. Баткен районунун Достук айылына 2 трансформатор коюлуп, 4 км электр чубалгы тартылган. Төрт-Гүл, Кыштут, Кара-Булак айыл өкмөттөрүнө да муктаждыкка жараша экиден трансформатор коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 345
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×