Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткенде майрам алдында коопсуздукту сактоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Turmush -  Баткен облусундагы милиционерлер жаңы жылдык майрамда коопсуздукту камсыздоо үчүн алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.

Маалыматка караганда, коңшулаш Өзбек жана Тажик өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда улуттар арасындагы чыр-чатактарды алдын алуу максатында башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүлүп жатат. ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын кызматкерлери аймактык милициянын ыйгарымдуу өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү иш алып баруу үчүн мобилдик топтор уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 551
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×