Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 20.12.2017 09:35

Тажикстан менен Кыргызстандын аймагына кирген унаалардан экологиялык төлөмдөр алынат

Turmush -  Тажикстан менен Кыргызстандын аймагына кирген унаалардан экологиялык төлөмдөр алынат. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, КРнын өкмөтүнүн өлкө аймагына кирген чет мамлекеттик унаалардан айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу 2013-жылдын 17-декабрындагы №675 токтомуна ылайык мотоциклдер 500 сом, жеңил унаалар 1000 сом, автобустар жана жүк ташуучу унаалар 2500 сом экологиялык төлөм төлөшөт.

Ушундай эле жобо Тажикстанда да иштейт. Анда мотоциклге 62 сомони (болжол менен 500 сом), жеңил унаага 124 сомони (болжол менен 1000 сом), кичи автобустарга 250 сомони (болжол менен 2000 сом), оор жүк ташуучу унааларга жана чоң автобустарга 300 сомони (болжол менен 2400 сом) алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×