Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 19.12.2017 17:42

Баткендеги айдоочуларга жолдо сак болуу эскертилди

Turmush -  Баткен ОИИБдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери автобекеттерге барып, айдоочуларга жолдо сак болууну эскертишти. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен — Бишкек каттамында иштеген айдоочуларга жолдо сак болуу жана жол эрежелерин сактоо айтылды. Мындан сырткары ар бир мектептерге барып, окуучуларга ата-энелер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Быйыл Баткен облусунун аймагында жалпысынан 209 жол кырсыгы катталып, 54 адам каза болуп, 372 адам ар кандай жаракат алышкан. Анын ичинен өспүрүмдөр катышкан 62 жол кырсыгы катталып, 12си каза болуп, 64 өспүрүм ар кандай жаракат алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×