Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Быйыл Баткен шаарында 4 үй-бүлө бала асырап алышты

Turmush -  Быйылкы жылы Баткен шаарында 4 үй-бүлө бала асырап алышты. Бул тууралуу Баткен шаардык социалдык башкармалыгынын үй-бүлө жана балдар боюнча адиси Салима Көкчөева билдирди.

Анын айтымында, бала асырап алууну каалаган үй-бүлө биринчи атайын арыз менен кайрылып, асырап алуучу бала менен таанышат. Андан сырткары 36 саатык атайын окуудан өтүшөт. Эгерде ал ымыркай болсо дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ден-соолугу боюнча атайын тастыктама берилет. Андан соң соттун чечиминин негизинде баланы асырап алышат. Былтыркы жылы 3 балага асыроо үчүн алынган. Бул балдар негизинен төрөт бөлүмүнө ата-энеси таштап кеткендер же ата-энеси каза болгон балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×