Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баткен облусу, Баткен 19.12.2017 14:32

Быйыл Баткен облусунда аялдарга карата 36 кылмыш иш козголду

Turmush -  Быйыл Баткен облусунда 36 аялга 36 кылмыш иш козголуп, былтыркыга салыштырмалуу 9 фактыга аз катталды. Бул тууралуу Баткен облустук прокуратурасынын прокурору Мунарбек Досалиев билдирди.

Маалыматка караганда, былтыркы жылдын 9 айында 515 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 45 аялга карата 58 кылмыш иш козголгон. Быйылкы жылдын 9 айында 569 кылмыш иш козголуп, анын ичинен 36 аялга 36 кылмыш иш козголгон. Анын ичинен 13 кылмыш иш кыскартылып, 18 кылмыш иш сотко жиберилген.

Өспүрүмдөргө карата былтыркы жылдын 9 айында 32 кылмыш иши козголгон. Быйыл 45 өспүрүмгө карата 29 кылмыш иш козголгон. Учурда 2 кылмыш иш боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×