Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткенде ажылыкка аттангандарды каттоочулар үчүн сынак өттү

Turmush -  Баткен облустук казыятында 2018-жылдагы ажылык сапарга жарандарды каттоо үчүн тажрыйбалуу адистерди тандап алуу максатында райондордон сунушталган талапкерлер арасында сынак өткөрүлдү.

Казыяттын маалыматына караганда, сынак атайын комиссия курамынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Талапкерлер муфтияттын өкүлдөрү тарабынан берилген сынактык суроолорго компьютерде жооп беришти.

Жыйынтыгында бардык талапкерлердин сынактагы жоопторунун жыйынтыктары муфтиятка жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 514
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×