Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткендиктер электр энергиясынын бат-баттан өчүрүлүшүнө даттанууда

Turmush -  Баткен шаарынын М.Нургазиев жана Т.Садыков көчөлөрүндө электр жарыгы 1 жумадан бери эскертүүсүз өчүрүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, мындан улам электр тармактар ишканасы кышка даяр эмес деп болжолдоп жатышат.

«Электриктер электр энергиясынын акчасын дароо алышат. Карызыбыз бир азга эле кечиксе жарыкты өчүрүп салышат. Бирок жарыкты өчүрөрдө эч кимге эскертүү берилбейт», - дешти алар.

Ал эми, ашкана иштеткен Зеби Муратованын айтымында, электр жарыгынын өчүшүнөн улам иши да зыян тартып жатат.

«Биз чакан ашкана иштетип, ишибиз электр тогу менен болот. Келген кардарга тамак берүү үчүн албетте ток керек болот. Бирок 1 жумадан бери күтүүсүздөн жарык өчүп, ишибиз токтоп калып жатат. Интернет же телеканал аркылуу билдиришсе болмок», - деди ал.

Электр тогунун бат-баттан өчүүсү банк кызматкерлерине да түйшүк жаратууда.

«Жарык улам өчө бергендиктен 100 миң сомдун тегерегиндеги генератор сатып алууга туура келди. Антпесек жумуштун баары токтоп калат. Кардарды күттүрө албайбыз. Эгер бизге алдын ала эскертүү берилсе анда даярданмакпыз. Бирок бир да эскертүү кагазы келбейт. Кокустан эле өчүп калганы ишти кечеңдетүүдө. Бул көрүнүш күн сайын кайталанып, генератор менен гана иштеп калдык», - деди банктардын биринин кызматкери Айкөл Мамазак кызы.

Ал эми, Баткен райондук электр тармагынын өкүлү Мунарбек Султанов М.Нургазиев жана Т.Садыков көчөсүндө ашкана жана башка ишканалар көп болгондуктан трансформатордо авариялык абалдар пайда болуп жатканын билдирди.

«Кичи ишканалар, банктар менен атайын келишим түзүлгөн. Аларга биз тараптан техникалык шарттар берилерде сөзсүз түрдө резервдик генератор алуусу керектиги айтылат. Бизден аларга үзгүлтүксүз электр энергиясы берилүүдө. Бирок көпчүлүк абоненттер электрди үнөмдүү пайдаланбай жатат», - деди Султанов.

Ал буга катар эле электр тармактары кышка толугу менен даяр экендигин кошумчалады. Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл авариялык өчүрүүлөр азайган. Баткен районунда 2016-жылы авариялык абалдан 237 ирет электр тогу өчүрүлсө, быйыл 137 ирет өчүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×