Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Фото — Баткенде байыркы табылгалар сакталган музей түзүлдү

Turmush -  Баткенде археологиялык, этнографиялык экспонаттарты камтыган Баткен аймактык музей иштеп жатат.

Музейдин жетекчиси Абдинаби Кадыровдун айтымында, мындагы эң байыркы экспонаттар биздин заманга чейинки 1-5-кылымдарга таандык. Табылгалар өздүк чарбадан, ар кандай курулуш иштеринде табылган же атайын изилденип казылып алынган. Музейдин расмий ачылышы боло элек. Баткен мамлекеттик университетинин базасындагы имарат атайын оңдоодон өтүп, 2 жылдан бери эскпонаттарды топтоо иштери жүрүп келет. Анда жергиликтүү эл арасынан алынып келинген табылгалар да бар.

«Жергиликтүү эл тарабынан байыркы буюмдар, Ата Мекендик согуш учурундагы каттар, буюмдар алынып келинген. Биз бул жерге дагы экспонаттарды топтоп жатабыз», - деди Кадыров.

Былтыр жыл ичинде тарыхый 10 объект, быйыл да ондой объект аныкталган. Табылган тарыхый таштар музейге коюлган.

«Баткенден мамлекеттик деңгээлдеги саясий ишкерлер абдан көп чыккан. Болот хандан тартып, Исхак Раззаковго чейинки жетекчилер Баткенден чыккан. Алар жашаган жылдарда сакталып калган тарыхый баалуулуктар абдан көп», - деди музейди уюштуруучулардын бири Кубаныч Таиров.

Буга чейин Баткен аймагында тарыхый табылгаларды камтыган музей болгон эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1821
Көп окулду
×