Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткендеги көчөлөргө суу акчу каналдар коюлуп жатат

Turmush -  Баткен шаарындагы көчөлөргө суу акчу каналдарды орнотуу, тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, дем берүүчү гранттардын эсебинен шаар боюнча жалпы суммасы 14 млн 115 миң сомдук 3 долбоор жактырылган. Анын ичинен 7 млн 140 миң сому гранттык негизде, 6,9 млн миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралды. Анын негизинде И.Жусупов көчөсүнө каналдар коюлуп, тротуар курулуп жатат.

Мындан тышкары, М.Салихов көчөсүнө түнкү чырактардын мамылары орнотулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×