Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткендиктер «Таза суу» ишканасынын жумушчулары өз ордунда болбой жатканына нааразы

Turmush -  Баткен шаарынын айрым тургундары муниципалдык «Таза суу» ишканасынын жумушчуларынын өз ордунда болбой жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришти.

Шаар тургуну Минавар Каримованын айтымында, ишканалардын кызматкерлерин таба албай же түштөнүүдөн келүүсүн күтүп калган учурлар көп болууда.

(Минавар Каримова)

3

«Жумушунда кайрылуучунун келгенин байкабай телефон менен убара болгондор да көп. Ордунда отурбаган жумушчунун эмне кереги бар? Буга тиешелүү тараптар катуу киришпесе болбойт», - деди Каримова.

Шаардын дагы бир тургуну Кубаныч Турсунбаевдин айтымында, ишканада кечээ саат 14:20 чамасында бир да кызматкер жок болду. Эшиги да жабык турган учурда шаар тургундары таза суу маселеси менен кайрылганы барышкан.

«Кечээ таза сууга саркынды суулардын кошулуп жатканын билип, эл «Таза суу» ишканасына барганыбызда эшигинде кулпту гана көрдүк. Көпкө күтүп турдук, бирок эч ким келбегенинен баса бергенбиз. Азыркы учурда мамлекеттик ишканалар менен элдин ортосунда байланыш жокко эсе. Ал гана эмес башка күндөрү да кызматкерди таппай күтүп, эртеси күнү келип кайрылган күндөрүбүз болот», - деди ал.

Баткен мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси, юрист Таштемир Эшалиев жумушчу тартипти бузса чара көрүлүшү керектигин билдирди.

(Таштемир Эшалиев)

1

«Ар бир мамлекеттик кызматкер 8 сааттан иштөөсү керек. Бул тартип өкмөттүн талабында каралган. Эгер жумушчу тартипти бузса ага жаза колдонулушу керек. Ар бир ишканага жетекчи өзү үлгү болушу керек. Жетекчи өзү кечикпесе, тартипти сактаса анда анын кызматкери да ошол жолдо жүрөт. Бирок кээ бир ишканаларда жетекчи өзү кечигип, ишканасында да кечигүүлөр катталат», - деди Эшалиев.

Ал эми, шаардык мэриянын аппарат жетекчилиги иш ордунда болбой калган кызматкерлерге чара көрүлө тургандыгын билдирди. Эгер жумушчу түштөнүүдөн кечиксе алгач эскертүү берилет. Ордунда 2-3 саат бою жок болсо сөгүш жарыяланат. Эгер бул көрүнүш 3 ирет кайталанса айлык маянасы кыскартылат.

(«Таза суу» ишканасы)

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 817
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×