Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 12.12.2017 17:22

Видео – Баткенде саркынды суулар эл ичкен таза сууга куюлуп жатат

Turmush -  Баткен шаарындагы саркынды суулар топтолуучу жайдан кеткен түтүкчөдөгү суу эл колдонуучу суу каналына барып куюлууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, саркынды суу 2 айдан бери каналдагы сууга кошулуп агууда. Андан райондогу Чек жана Кара-Бак айылдарындагы, Баткен шаарынын жаңы конушундагы эл пайдаланат.

«Канализациянын түтүктөрү тоонун түбүнө барып куюлушу керек. Бирок бир түтүкчө иштен чыгып, саркынды суу таза каналга кошулуп кетүүдө. Бул каналдан канчалаган эл суу ичет», - деди жергиликтүү тургун Каныбек Султанмуратов.

Санитардык көзөмөлдөө борбору билдиргендей, буга чейин да 1985-жылы саркынды суулардын бир түтүкчөсү тешилип калып, 3 айылдын миңдеген жашоочулары ич келте оорусу менен ооруган.

Ал эми, шаардагы тиешелүү тараптар менен байланышууга мүмкүн болбогондуктан жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×