Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баткен облусу, Баткен 12.12.2017 16:11

Баткендеги саркынды суулар топтолуучу жай элге кооптуулук жаратууда (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында жайгашкан саркынды сууларды топтоочу жайдын жытынан тургундар жапа чегүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, алар аталган жайды шаардан алыс жакка көчүрүүнү талап кылышууда.

«1996-жылдары бул жакка көчүп келгенбиз, ошондон бери ажаткананын жанында жашагандай эле болуп келебиз. Биздин үйлөр 100-150 метр алыста жайгашкан. Союз убагында бул жер иштеп турган. Эми эл отурукташып, муну көчүрүүнүн убагы келди. Антпесе ар кандай ооруларга туш болуп калышыбыз мүмкүн. Буга шаар бийлиги гана эмес, республикалык деңгээлде чара көрүлүшү керек», - деди жергиликтүү тургун Каныбек Султанмуратов.

Саркынды суулар топтолгон жайдын астынан айылга, конуштарга кетүүчү арык да өткөн. Тургундар арыктагы сууну тиричиликке да, ичкенге да колдонушат. Арыктагы аккан таза сууга саркынды суулардын кошулуп кетүү коркунучу да бар.

«Кварталда таза суу 2 сааттан гана чыгат. Башка убакта жалаң арыктан агынды суусун пайдаланабыз. Көчөдө ойногон жаш балдарыбыз арыктан эле суу ичип алышат. Албетте саркынды суулардын арасынан өткөн арыктан кооптонобуз. Кокус авариялык абал болсо саркынды суулар агын сууга кошулуп кетүүсү толук мүмкүн. Бул жердин жытын айтпай эле коел. Кышында ушунчалык деңгээлде чыгып жатат, жайында чыдай албай калабыз», - деди тургундар.

Баткен райондук санитардык көзөмөлдөө борбору шаардагы саркынды суулар топтолуучу жай бир да санитардык талаптарга жооп бербестигин айтты. Аны көчүрүү тууралуу шаардык мэрияга да сунушташкан.

«Азыр саркынды суулар топтолуучу жай эл жашаган үйлөрдүн арасында турат. Бул эч кандай санитардык талаптарга жооп бербейт. Себеби жайында жыты чыгып жатат. Түтүктөрүнөн ашып, каналдарга кошулуп кеткен учурлар болуп жатат. Ага балдар жуунушу мүмкүн. Бул учурда абдан коркунучтуу абалда турат», - деди Баткен райондук санитардык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Дыйканали Жунусалиев.

Саркынды суулар топтолуучу жай 1978-1979-жылдары курулган. 1985-жылы бир түтүкчөсү тешилгенде суу ашып кетип, 3 айылдын миңдеген жашоочулары ич келте оорусу менен ооруган.

Ал эми, бул маселе боюнча шаардык мэрия жана шаардык муниципалдык «Таза суу» ишканаларынын кызматкерлеринен иш учурунда ордунда жок болгондуктан жооп ала алган жокпуз.

Саркынды суулар топтолуучу жайдын айланасында 40-50дөй кожолук бар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×