Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткенде өспүрүмдөр арасында зомбулукту алдын алуу иштери жүрүп жатат

Turmush -  Баткен шаарында өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Мелис Дыйканов билдирди.

«Бала кыйын учурга кабылганда ички туюмун ата-энесине кеңири айта билүүсү керек. Ал үчүн ата-эне баласын эркин, бирок жакшы жакка гана тарбиялоосу кажет. Баласы окуудан келгенде ал күнү эмне жумуш кылганын же кандай китеп окугандыгын да сурап туруусу зарыл. Эгер ата-эне балага көңүл бөлсө бала да ата-эненин сөздөрүн туюп жүрөт», - деди Мелис Дыйканов.

Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы билдиргендей, шаарда жаш өспүрүмдөр арасында зордук- зомбулукка кабылгандардын саны жокко эсе.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1129
Көп окулду
×