Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 23.10.2017 11:05 Жаңыланды: 30.03.2018 17:34

Айыл турмушу: Баткендик Б.Юсупова аары багып, жылына 700 литр бал сатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 57 жаштагы тургуну Бүбүрабия Юсупова 6 жылдан бери бал сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аарыларды жолдошу экөө Баткен районунун Кара-Таз жайлоосунда карашат. Балдын 1 литрин 400 сомго чейин сатышат.

«Аарыны карап, бал жасоо кайын атамдан калган кесип. Жолдошум атасынын жолун 6 жылдан бери жолдоп келет. Мындан жакшы эле пайда түшүүдө. Уул-кыздарыбызды эч нерседен кем кылбай карап келебиз», - деди ал.

Бал чарбада аарылардын 36 үй-бүлөсү бар. Аарданн жылына 700 литрден бал алынат. Аарыларды гүлдөр гүлүн ачканга чейин шекер менен азыктандырып турушат. Талааларда гүл ачылар замат аарылар өздөрү азыктана башташат.

«Гүлдөр ачылган кезде аарыларыбыз менен кошо өзүбүз да талааларды айланып чыгабыз. Бир жерден экинчи жерге тез-тез көчүп турабыз», - деди ал.

Балчы аарынын балы гана эмес анын уюгунда да дарылык касиети бар экендигин белгиледи. Бели ооругандар аарынын уюгун белине коюп тартса пайдалуу. Кээде уюктарды алып кетүү үчүн да буйрутмалар түшүп турат.

Бүбүрабия Юсупова 2 уул, 4 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×