Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик жаш юрист Ж.Өмүрзаков устачылык кылып, сувенирлерди жасайт (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Жаныбек Өмүрзаков жыгачтардан кийимге кадалуучу топчу, сувенирлерди жасап киреше табат. Аймактык кабарчы уста жигит менен таанышты.

- Буюмдарды жасоону кантип өздөштүргөнсүз?

- Кичине кезимден эле ар кандай буюмдарды жасоого кызыкчумун. Бирок, балалыгымда бул өнөрүмө анчейин көңүл бөлгөн эмесмин. Акыркы 3 жылдан бери катуу киришип, өзүмдүн фантазиям менен буюмдарды жасап баштадым.

- Эмнелерди жасайсыз?

-Учурда сувенир катары кичинекей ээрлерди жасап жатам. Андан сырткары, кийимге жыгач топчуларды, комуз, камчынын саптарын жасайм. Буйруса чоң ээрди жасап бүткөнү калдым.

- Даяр болгон буюмдарды сатып пайда көрөсүзбү?

- Ооба, сатып жатам. Топчуларды 5 сомдон, ээр сувенирлер 100 сомдон жогору болсо, камчынын саптары 500дөн, ал эми комуздун сувенирлерин 50 сомдон сатам. Жалкоолугум кармабай жасай берсем айына жакшы эле киреше таап калам.

- Бул кол өнөрчүлүгүңүздү үйрөнүүнү каалагандар барбы?

- Албетте, бар. Аларга үйрөтүүгө дайым даярмын.

- Буюмдарды жасоодо кандай даракты пайдаланасыз?

- Ар кандай дарактын жыгачтарын пайдаланам. Негизинен өрүк дарагы колдонулат.

- Жасоо үчүн канча убакыт талап кылынат жана кыйынчылыгы да барбы?

- Билбеген адамга кыйындай сезилет. Бирок, мен өзүм кызыкканым үчүн жасап жаткан учурда кыйынчылыгын да, убакыттын өткөнүн да билбей калам. Эргүү менен жасайм.

- Кол өнөрчүлүктөн башка дагы кандай өнөрүнүз бар?

- Юмористмин. Буга чейин Тамашоу долбоорунда ойноп жүргөм.

Жаныбек Өмүрзаков өзүнүн кесиби юрист болгону менен учурда кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Шаардагы кесиптик лицейде мугалим болуп да эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2699
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×