Turmush — Махбуба Хусейинова Баткен облустук биргелешкен оорукананын төрөт бөлүмүндө 40 жылдан бери иштеп келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы дарыгерден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, учурда оорукананын аталган төрөт бөлүмүнүн жетекчиси.
«40 жылдан бери ушул төрөт бөлүмдө акушер, гинеколог болуп иштеп келем. 3 баламды төрөп эмгек өргүүгө чыкканым болбосо, бир дагы жолу жумушумду таштап кетпедим.
Иш учурунда ар кандай учурларга күбө болом. Анткени бири-бирине окшобогон дарт, төрөт, бейтаптар бар. Биринде кемчилик кылсак экинчисине ошону кайталабаганга аракет кылабыз. Бирок бизде катталбаган учурларды да кезиктире беребиз.
2 жыл мурда 6 айлык боюнда бар келин келген. Ал буга чейин амбулатордук жардам алып жүргөн. Себеби боюнда болгондон бери эсин жоготуп, өзүн аябай жаман сезе берген. Ооруканага келет, дарылап чыгарышат. Бирок кайра эле баягы оору кайталана берди. Аялдын өңү бозоруп, барган сайын эсин жогото берди. Анан бир күнү түндө чакыртышты. Келсем чынында аябай кыйналып калыптыр. Бирок кан кетпептир. Баланын ден соолугу, жүрөк согуусу жайында. Анан тезинен кан даярдап, «аялды операцияга киргизгиле» дедим. Себеби жөндөн-жөн аял кыйналып жаткан жок. Операция жасап, ичин ачып карасак, аялдын тубаса түрдө 2 жатыны бар экен. Бирөөсүндө бала жатат, экинчи жатын ажырап баштаптыр. Ошол ажыраган жеринен кан кетип, аялдын ичине кан толо бериптир. Ошентип аялдын ичин тазалап, аман алып калдык. Бирок баласы чарчап калды. Анткени баланын айы жете элек болгондуктан, жашап кетүү ыктымалдуулугу аз эле.
Ошол аял 2 жыл өзүн карап, быйыл дагы кош бойлуу болуп келди. Аман-эсен төрөтүп узаттык. Бул окуяны профессорго айттым. Ал «мындай нерсени жазып коюш керек» деп айтты. Анткени мындай окуя менде биринчи жолу болду. Мүмкүн менден кийинкилерге да бул сабак болуп калат», - деди ал.
Махбуба Хусейинова буга чейин «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамын алган.
Аталган ооруканада күнүнө 16-18ге чейин төрөт катталып, жылына 3 миңден ашуун бала төрөлөт.
