Turmush — Beeline Кыргызстан компаниясы Баткен жана Жалал-Абад шаарларында өз кардарларына белгилүү жылдыздардын коштоосунда концерттик программа тартуулады.
Компаниянын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн саамалыкка шаар тургундары жана жакынкы райондон келген жашоочулар катышты.
Beeline Кыргызстан компаниясынын жетекчиси Андрей Пятахин сөз сүйлөп, алар менен бирге болгон кардарларына өз ыраазычылыгын айтып, куттуктады.
Beeline Кыргызстан компаниясынын Жалал-Абад шаарындагы жетекчиси Алмаз Мамасеитовдун айтымында, башкысы 25 жылдык маарекени өз кардарлары менен белгилөө болду.
«Биз 25 жылдан бери элге байланыш кызматын көрсөтүп келе жатабыз. Баткен менен Жалал-Абад шаарларында өткөрүүнүн дагы бир себеби — бул аймакта биздин кардарларыбыз көп. Өз кардарларыбызга майрамдык маанай тартуулайлы деп жакшы саамалык өткөрдүк», - дейт ал.
Концерттик программа учурунда кардарлар арасында түрдүү сынактар өтүп, баалуу белектер ойнотулду. 20-25 жылдан бери дал ушул компаниянын кардары катары келе жатканын айткандар арбын болду. Алар концерттик программага компаниядан барган смс аркылуу кабар угуп келгендигин, алар үчүн компаниянын кызматы ыңгайлуу жана жагымдуу экенин белгилешти.
Элге тартууланган концерттик программаны белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева алып барды. Сайкал Садыбакасова, Арсен, Милана, Нурлан Насип өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.