Turmush — Абдирашитов Талантбек Абдыкайымович Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, жаңы дайындалган жетекчини облустук оорукананын эмгек жамаатына бүгүн, 16-февраль күнү президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тааныштырды.
Буга чейин оорукананы Мирлан Султанов жетектеп келген.